> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте өрт сигнализацияларын жаңылаш үчүн 3,5 млн сомго тендер жарыяланды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/03/09/bishkiektie-ort-sighnalizatsiialaryn-zhanylash-uchun-3-5-mln-somgho-tiendier-zharyialandy/
- Published: 2026-03-09T09:25:01.000Z
- Updated: 2026-03-09T09:25:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, #Жаңылыктар

**Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь районунун билим берүү башкармалыгы мектептер жана бала бакчалар үчүн өрт сигнализациясын оңдоо боюнча тендер жарыялады.**

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, бул иштерге жалпысынан **дээрлик 3,5 млн сом** бөлүү пландалууда. Анын ичинде **1,5 млн сом** райондун орто билим берүүчү мектептерине, ал эми **болжол менен 1,7 млн сом** бала бакчаларга каралган.

Өрт сигнализациясын оңдоого каражат төмөнкү билим берүү мекемелерине бөлүнөт:

- №7 жумушчу жаштар мектеби
- №71 мектеп-интернаты
- №34 атайын (жардамчы) мектеби

Буга чейин Бишкек шаардык кеңеши жыйынында борбор калаанын мектептерин өрттөн коргоо маселеси көтөрүлгөн.

Чиновниктердин маалыматына караганда, **116 мектепте жана 118 бала бакчада** өрт сигнализациясы бар. Ал эми Ленин районундагы бир нече окуу жайында жана үч мектепке чейинки билим берүү уюмунда сигнализация орнотулуп жатат.