> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Москва районунда жалпы наркы 12 млн 857 миң сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/03/10/moskva-raionunda-zhalpy-narky-12-mln-857-min-somduk-zhier-tilkielieri-mamliekietkie-kaitaryldy/
- Published: 2026-03-10T11:19:26.000Z
- Updated: 2026-03-10T11:19:25.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Москва районунда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.**

Москва районунун прокуратурасы социалдык объектилерди куруу үчүн арналган жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп берилгенин аныктады. Аталган жер тилкелеринин аянты:

- Ак-Суу айыл аймагында **7653 чарчы метр**,
- Нарзан айыл аймагында **1000 чарчы метр** болгон.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында жалпы **12 млн 857 миң 100 сом** базардык наркы бар жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды.