> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Батирлерди үстөк пайызсыз берсек МИК банкрот болот – С.Жапаров
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/03/11/batirlierdi-ustok-paiyzsyz-biersiek-mik-bankrot-bolot-s-zhaparov/
- Published: 2026-03-11T06:31:15.000Z
- Updated: 2026-03-11T06:31:15.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Экономика

**Президент Садыр Жапаров 2020-жылга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания жөн гана банкка айланып калганын Кеңештин жыйынында билдирди.**

Мамлекет башчысы мурда ипотекалык насыялар банктар аркылуу 14%дык үстөк менен берилип келгенин эске салды.

> “Мен кызматка келгенден кийин ипотекага үй алгандардын абалын сурасам, 16 миң сом айлык алып, ипотекага 24 миң сом төлөшөт экен. Ошондуктан биз айлыктарды 70-80 миң сомго чейин көтөрдүк, ал эми Ипотекалык компанияны таптакыр башка шарттарга өткөрдүк. Жаңы мыйзамдарды кабыл алып, жоболорду иштеп чыктык. Азыр ипотека 4% менен 25 жылга берилүүдө. Быйыл 20 миңге чукул үй-бүлөгө батир беребиз деп турабыз”, — деди президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров батирлерди өздүк наркында, үстөк пайыз кошпой берүүнү сунуштаган депутаттарга жооп берди.

> “Андай болбойт. Мамлекеттик ипотекалык компания түбөлүктүү иштеши керек. Эгер биз үстүнө акча кошпой бере турган болсок, анда жыл сайын бюджеттен акча бөлүп турууга туура келет. Мындай учурда компания бара-бара элге батир куруп бере албай, банкрот болуп калышы мүмкүн. Азыркы тапта компаниянын уставдык капиталы 2 млрд долларга жетти”, — деп баса белгиледи өлкө башчысы.