> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Бишкекасфальтсервис" аймагындагы базар курулушуна шаар катышпайт
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/03/11/bishkiekasfaltsiervis-aimaghyndaghy-bazar-kurulushuna-shaar-katyshpait/
- Published: 2026-03-11T12:38:39.000Z
- Updated: 2026-03-11T12:38:38.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында депутаттар "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын аймагына базар куруу долбоорун талкуулашты.**

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков **мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн форматы боюнча шаар мэриясынын акциясы каралбаганын билдирди.**

> "Шаарга акциялар берилген жок. Биз жерди беребиз инвестор көп функциялуу борборду курат, кошумча жумуш орундары түзүлөт. Шаар салык жана жерди колдонуу ижарасынан пайда табат", — деди Байгончоков.

Ошондой эле ал келишимдин **мөөнөтү бүтсө объект шаар мүлкү болуп каларын билдирди.** 

Вице-мэр Азамат Кадыров райондогу инфраструктура **шаардын башкы планында каралганын** билдирди.

> "Ал жерде буга чейин чоң базар иштеп жаткан. Башкы план долбоорунда бардык соода комплекстерин эске алуу менен инфраструктура каралган. Ошондой эле базардын айланасындагы жолдорду реконструкциялоо пландалууда", — деди ал.

Мэрия ошондой эле **базарлардын ээлери менен жолугушуулар өткөрүп**, аларды айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттендирген.

Депутат Казыбек Эргешов ал жерде да эртеден кечке чейин жол тыгындар болорун билдирип, ал жердеги ичке жол тыгындарга туруштук бере албастыгын билдирди. 

> Анын айтымында, долбоордун алкагында 2,5 миңге жакын коммерциялык объект курулат. Анын болжолу боюнча 80% объект чарчы метри 1100-1400 доллардан сатылып кеткен, бирок укуктук документтери жок.