> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мэриянын артына 9 кабаттуу имараттын ордуна жер алдындагы паркинг курулат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/03/11/meriianyn-artyna-9-kabattuu-imarattyn-orduna-zhier-aldyndaghy-parkingh-kurulat/
- Published: 2026-03-11T08:26:01.000Z
- Updated: 2026-03-11T08:26:01.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Бишкек шаардык мэриясынын арт жагына жаңы 9 кабаттуу объекттин ордуна жер алдындагы унаа токтотуучу жай (паркинг) куруларын вице-мэр Азамат Кадыров Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди.**

Жыйын учурунда депутат Алмаз Аскар уулу мэриянын арт жагында курулуп жаткан долбоор боюнча сурады. Вице-мэрдин айтымында, ал жерде **жер алдындагы паркинг жана анын үстүндө көрктөндүрүлгөн аймак**, башкача айтканда **сквер** болот.

Азамат Кадыров буга чейин ар кандай варианттар каралганын, жыйынтыгында эки деңгээлдүү жер алдындагы паркинг жана анын үстүндө көрктөндүрүү аймагы болот деген акыркы чечим кабыл алынганын айтты.

> Азамат Кадыровдун маалыматы боюнча, башында бул долбоор үчүн 1 млрд сом бюджетке киргизилген, кийин өзгөртүүлөр киргизилип, каражаттын бир бөлүгү райондорду өнүктүрүүгө багытталган.

> Вице-мэр Азамат Кадыровдун айтымында жер алдындагы паркинг сөзсүз курулат. "Унаа токтотуучу орундардын саны мурда 34–40 орун болсо, эми 100 унаага ылайыкталган муниципалдык жер алдындагы паркинг болот", — деди ал.