> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда курулуш буму канча жылга созулат?
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/03/13/kyrghyzstanda-kurulush-bumu-kancha-zhylgha-sozulat/
- Published: 2026-03-13T12:47:04.000Z
- Updated: 2026-03-13T12:47:03.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Экономика

**Кыргызстанда кеминде 10 жылга созула турган курулуш буму болжолдонуп жатканын брифингде Экономика министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди.**

Анын айтымында, **турак жай куруу тармагы** өсүү жана өнүгүү үчүн чоң потенциалга ээ болуп, ишкерлер үчүн абдан кызыктуу тармак болуп эсептелет.

> "Мен кепилдик бере алам, Кыргызстанда кеминде 10 жыл бою өлкөнүн бардык аймактарында калк үчүн турак жайларды активдүү куруу уланат",-дейт ал.

Сейитов белгилегендей, учурда өлкөдө турак жай менен камсыз болуу деңгээли толук 100%га жеткен эмес, ошондуктан кыймылсыз мүлккө жана курулуш материалдарына болгон туруктуу суроо-талап узак убакытка сакталат.

Министрдин орун басары мындай динамика товарлардын кеңири түрү үчүн туруктуу сатуу рыногун түзөрүн кошумчалады.

Анын айтымында, төмөнкү товарларга суроо-талап жогору болот:

- оңдоо иштерине керектелген материалдар
- обой
- мык
- боёк жана щетка
- арматура
- шифер

Сейитов ишкерлерди бул багыттагы иштерге активдүү катышууга чакырып, өлкөдө өндүрүштү диверсификациялоо да улантыларын белгиледи.