> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто Ак-Буура дарыясынын нугу тазалана баштады
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/03/13/oshto-ak-buura-daryiasynyn-nughu-tazalana-bashtady/
- Published: 2026-03-13T03:57:56.000Z
- Updated: 2026-03-13T03:57:56.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Ош шаарында жаздын келиши менен Ак-Буура дарыясынын нугун тазалоо боюнча масштабдуу иштер башталганын шаар мэри Жанарбек Акаев билдирди.**

Мэр бул чара сел кырсыктарын алдын алуу үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи.

> "Ак-Буура дарыясынын нугу акыркы 30-40 жылдан бери тазаланбай, бул өз кезегинде сел ташкындарына себеп болуп келген. Эми президент өзү каржы булагын таап берип, дарыянын башынан аягына чейин тазалоо иштери жүрүүдө. Мындан тышкары, шаар ичиндеги 7 каналдын 100 чакырымдан ашык жээгинин кооптуу тилкелерине тосмолор орнотулат. Ошондой эле көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери дагы жүргүзүлүп, тротуарлар курулат. Муну менен жашоочуларга жакшы шарттар түзүлөт", - деди мэр.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/648254279_1267.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/648369385_1267.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

Белгиленгендей, иштердин жүрүшү жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө.