> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/03/14/bishkiektin-zhany-aimaktaryn-onukturuugho-39-mlrd-som-talap-kylynat/
- Published: 2026-03-14T04:33:11.000Z
- Updated: 2026-03-14T04:33:10.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Экономика

**Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө болжол менен 39 млрд сом талап кылынарын борбор калаанын мэринин орун басары Азамат Кадыров "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.**

Депутат Жумабек Салымбеков административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калааны өнүктүрүүгө канча каражат керектиги боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнүнө кызыкты.

> Азамат Кадыров мындай эсептөөлөр даярдалганын айтты. Анын сөзүнө караганда, алдын ала эсеп боюнча жаңы кошулган аймактарды өнүктүрүүгө **болжол менен 39 млрд сом** талап кылынат.

Ал бул каражаттар шаар бюджетинен тышкары экенин тактады. Каржылоо жаңы аймактарда инженердик коммуникацияларды курууга жана инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталат.