> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Бишкекте 2 парк реконструкцияланат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/03/16/byiyl-bishkiektie-2-park-riekonstruktsiialanat/
- Published: 2026-03-16T08:32:07.000Z
- Updated: 2026-03-16T08:32:06.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Экономика

**Бишкекте 2026-жылы эки парк реконструкцияланарын бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди.**

Анын айтымында, реконструкциялана турган парктар — Тоголок Молдо жана Эркиндик парктары.

"Ошондой эле Жаш Гвардия бульвары да реконструкцияланат. Шаарда жалпы 12 парк жана 52 сквер бар. Биз аларды этап-этабы менен реконструкциялайбыз", — деди Рамиз Алиев.

Бир катар депутаттар парктардын абалына канааттанбастыгын билдирип, дарактардын отургузулушу жана кармоо иштерине, ошондой эле жашылдандыруу маселелерине комплекстүү мамиле кылууну сунушташты.