> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта 5 миң орундуу эл аралык деңгээлдеги стадион курулуп жатат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/03/16/talasta-5-min-orunduu-el-aralyk-diengheeldieghi-stadion-kurulup-zhatat/
- Published: 2026-03-16T04:23:49.000Z
- Updated: 2026-03-16T04:23:48.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги Талас шаарында курулуп жаткан 5 миң орундуу жаңы стадиондун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жумушчу сапар менен объектке КФСтин вице-президенти Дастанбек Конокбаев, башкы катчы Медербек Сыдыков жана президенттин кеңешчиси Аман Каскеримов барышты.**

КФСтин маалыматына ылайык, сапардын жүрүшүндө союз өкүлдөрү курулуштун учурдагы баскычын жеринде көрүп чыгып, аткарылып жаткан иштердин сапатын жана долбоордун аяктоо мөөнөттөрүн талкуулашты. Алар бул объект эл аралык стандарттарга жана футбол инфраструктурасынын талаптарына толук жооп бериши керек экенин белгилешти.

Мындан тышкары, сапардын алкагында союздун жетекчилиги Талас шаарындагы №6 мектептин аймагында жайгашкан футбол талаасына да барып, анын абалы менен таанышышты.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/430510_w_h500_1773632479_r.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/430511_w_h500_1773632479_r.jpg)

> Эске салсак, стадиондун курулушу үчүн капсула 2025-жылдын 9-апрелинде салынган. Курулуш аяктагандан кийин Талас облусунда эл аралык деңгээлдеги футбол матчтарын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жаңы стадион Азия футбол клубунун үй аренасы болуп калат. Ошондой эле ал аймакта футболду өнүктүрүүгө, жаштарды спортко тартууга жана спорттук инфраструктураны жакшыртууга чоң салым кошот.