> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Талас шаарында Талас университетинин 5 кабаттуу жаңы имараты курулуп жатат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/03/16/talasy-shaarynda-talas-univiersitietinin-5-kabattuu-zhany-imaraty-kurulup-zhatat/
- Published: 2026-03-16T05:35:38.000Z
- Updated: 2026-03-16T05:42:41.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Кызыктуу

**Талас шаарындагы Талас университетинин 5 кабаттуу жаңы имаратынын курулушу активдүү уланып жатканын аталган облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.**

Маалыматта белгиленгендей, имарат президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен курулуп жатат. Учурда жалпы аянты 5 миң 600 чарчы метрди түзгөн 5 кабаттуу имараттын пайдубалы түптөлүп, экинчи кабатынын курулушу жүрүп жатат. Жаңы кампус бардык заманбап окуу куралдары менен жабдылып, студенттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Имарат 31-августта мамлекет башчысынын катышуусунда ишке берилери пландалууда.

> “Өткөн жылы университеттин эмгек жамааты өкүлчүлүккө кайрылып, окуу жайдын имаратын капиталдык оңдоо иштеринен өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул маселеден кабардар болгон мамлекет башчы жаңы 5 кабаттуу имарат куруу боюнча чечим кабыл алып, анын каржылык маселесин да чечип берген”,-деп айтылат маалыматта.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/IMG_9038_6FtdX.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/IMG_9032.max-2.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/IMG_9034.max-2.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/IMG_9035_wKPcR.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

Белгилей кетсек, Талас мамлекеттик университети 1994-жылы түзүлгөн. Ал совет мезгилинен бери иштеп келген Талас педагогикалык окуу жайынын базасында уюштурулган. Ал эми бул педагогикалык окуу жай 1930-жылдары эле өз ишин баштаган. Университеттин билим берүү тарыхы 90 жылдан ашуун убакытты камтыйт.