> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Ала-Тоо Резорттун" жер тилкелери боюнча аукциондун II этабы жарыяланды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/03/20/ala-too-riezorttun-zhier-tilkielieri-boiuncha-auktsiondun-ii-etaby-zharyialandy/
- Published: 2026-03-20T03:56:26.000Z
- Updated: 2026-03-20T03:56:25.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**"Ала-Тоо Резорт" ири курорттук комплекстин алгачкы этабында курула турган объектилердин жер тилкелери боюнча аукциондун экинчи этабы жарыяланганын "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, аукциондо курулушу жүрүп жаткан "Жыргалаң" курортунун шаарчасы жайгаша турган аймактагы курортту өнүктүрүү үчүн зарыл болгон туристтик жана инфраструктуралык объекттерди камтыган 36 лот коюлду.

Бул жерге 3-4-5 жылдыздуу мейманканалар, апартамент, этно шаарча, ресторан, кафе жана башка коммерциялык объекттер курулат.

> "Бардык катышуучулар үчүн аукционго катышуу боюнча маалымат жана талаптар "Ала-Тоо Резорт" ААКтын расмий сайтында жана ачык маалымат булактарында жеткиликтүү", - деп айтылат маалыматта.

Аукцион ачык жана онлайн режимде өткөрүлөт. Ага төмөнкү тараптар катыша алат:

- жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор;
- курулуш компаниялары;
- туризм жана мейманкана бизнесинин өкүлдөрү;
- башка юридикалык жана жеке жактар.