> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кочкор районунда 2 гектар жер кытайлык компанияга ижарага берилди
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/03/23/kochkor-raionunda-2-ghiektar-zhier-kytailyk-kompaniiagha-izharagha-bierildi/
- Published: 2026-03-23T05:27:56.000Z
- Updated: 2026-03-23T05:27:55.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**МинКаб "Шаньси көмүр автотранспорттук ташуу жана сатуу компаниясы" ЖЧКсына Нарын облусунун Кочкор районунда жайгашкан 2 гектар жер тилкесин 15 жыл мөөнөткө ижара шартында убактылуу пайдаланууга берди.**

> 2026-жылдын 17-мартындагы №173-р тескемеге ылайык, бул жер тилкеси мамлекеттик менчик болуп саналат жана "өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына кирет.

Ал Ормон-Хан айыл аймагына караштуу Семиз-Бел айылынын №249 жана №250 контурларында жайгашкан.

> Документте көрсөтүлгөндөй, компания 100% чет элдик капитал менен түзүлгөн. Жер тилкеси ижара келишимин кийин узартуу мүмкүнчүлүгү менен берилет.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына компания менен ижара келишимин түзүү жана ижара төлөмдөрүнүн республикалык бюджетке өз убагында түшүүсүн көзөмөлдөө тапшырылды. Келишим шарттары аткарылбаса, аны бир тараптуу бузуу каралган.

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке компаниянын жерди убактылуу пайдалануу укугун каттоо милдети жүктөлдү.

Тескемеде бул чечим чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн шарт түзүү максатында кабыл алынганы белгиленген.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, "Шаньси көмүр автотранспорттук ташуу жана сатуу компаниясы" ЖЧКсынын жетекчиси — Насырынбеков Талант Ыманбекович, ал эми негиздөөчүсү — Ян Цзяньшэн. Компаниянын ишмердүүлүк түрү — транспорт тармагындагы көмөкчү кызматтар. Катталган күнү — 2025-жылдын 29-майы.