> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарында төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир белекке берилди
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/03/23/osh-shaarynda-tort-em-torolghon-ui-bulogho-batir-bieliekkie-bierildi/
- Published: 2026-03-23T12:42:58.000Z
- Updated: 2026-03-23T12:42:57.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, #Жаңылыктар

**Ош шаарында төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан үч бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды.**

Маалыматка ылайык, турак жай балдардын төрөлүшүнө байланыштуу жана үй-бүлөлөрдү колдоо алкагында белек катары берилген. Белгиленгендей, батир Ош шаарында жайгашып, жашоого толук даяр.

Бийлик өкүлдөрү мындай чаралар жарандарды колдоого жана үй-бүлө институтун бекемдөөгө багытталганын белгилешти.

"Ар бир жаранына кам көрүлгөн өлкөдө өсүп жаткан балдар дени сак жана бактылуу болсун", — деп айтылат билдирүүдө.