> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/03/30/bishkiek-shaarynda-600doi-zhier-tilkiesi-kop-kabattuu-uilordu-kuruugha-bierilghien-azamat-kadyrov/
- Published: 2026-03-30T12:55:25.000Z
- Updated: 2026-03-30T12:55:25.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр иштелип чыгуу баскычында, айрым жерлер болсо пайдаланууга алынган эмес.

> Казыбек Эргешов белгилегендей, "пайдаланылган" жерлер деген курулушу бүткөн тилкелерди түшүндүрөт. Мэриянын орун басары курулган объектилер жөнүндө сөз болуп жатканын ырастады.

> Мындан тышкары, мындай объекттердин арасында 10–15 жыл мурда курулган үйлөр бар экени белгиленди. Мэриянын маалыматына караганда, эң алгачкы үйлөр 2007–2008-жылдары пайдаланууга берилген.

Кадыров кошумчалагандай, мындай жер тилкелер үчүн ижара төлөмдөрү төлөнүп келет.