> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кайыңдыда 8,8 млн сомдук жер мэриянын балансына кайтарылды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/03/30/kaiyndyda-8-8-mln-somduk-zhier-meriianyn-balansyna-kaitaryldy/
- Published: 2026-03-30T10:34:08.000Z
- Updated: 2026-03-30T10:34:07.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, #Жаңылыктар

**Кайыңдыда жетим калган балдар тарбияланган мектеп-интернатынын жери мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди.**

> Панфилов районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, 2005-жылы мурдагы Кайыңды көмөкчү мектеп-интернатына караштуу 0,32 га жер тилкеси мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуу менен жеке жактарга 36 537 сомго бааланып, сатылып кеткендиги аныкталган. 

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында, көмөкчү мектеп-интернатына тийиштүү болгон баасы 8 млн 883 миң сомду түзгөн жер тилкеси Кайыңды шаардык мэриясынын балансына кайтарылды.