> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/03/30/lienin-raionunda-zhier-munapysy-boiuncha-214-aryz-zhaktyryldy/
- Published: 2026-03-30T08:28:39.000Z
- Updated: 2026-03-30T08:28:39.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, #Жаңылыктар

Бишкекте жер мунапысынын алкагындагы иштер үзгүлтүксүз улантылып жатканын мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча иштеп жатат.

> Ленин районунда 214 арыз жактырылды, 97 материалды коомдук билдирүүгө чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды, ошондой эле беш материал тиешелүү корутунду берүү үчүн Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгына жөнөтүлдү.

Жарандар тарабынан берилген арыздын негизинде 417 материалды кароодон баш тартуу чечими кабыл алынды.