> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Чычкан" постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/03/31/chychkan-postunda-zhany-imarat-paidalanuugha-bierildi/
- Published: 2026-03-31T14:05:50.000Z
- Updated: 2026-04-01T04:30:29.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө.

Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып, жолдо тобокелдикке барбоо зарылдыгын эскертти.

Ошондой эле ал жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырып, ылдамдыкты ашырбай, жол белгилерине баш ийип унаа башкарууну белгиледи.