> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Суу коргоо аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу улантылып жатат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/04/02/suu-korghoo-aimaghyndaghy-myizamsyz-kurulushtardy-buzuu-ulantylyp-zhatat/
- Published: 2026-04-02T12:38:29.000Z
- Updated: 2026-04-02T12:42:45.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Шаар мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы билдиргендей, Октябрь райондук прокуратурасынын талаптарын аткаруунун алкагында 12-микрорайондо, Каралаев көчөсү 62/6 дарегинде жайгашкан объектилердин ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.**

Алар: "Ашкана", "Фермерский магазин", "Беш Манты", "Мистер Шаурма" жана "Жираф" кофейнясы. Бул объектилердин айрым бөлүктөрү бузулат.

Түшүндүрүү иштеринен кийин менчик ээлери объектилерин өз ыктыяры менен бузууга киришишти. Учурда кошумча курулуштардын **250 метр узундуктан ашуун бөлүгү** демонтаждалып жатат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/4032891.e4ec84a1b1f3a90453551bc42511d0c7.max.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/4032921.b7757112b3a7a956483853a47b207e93.max.jpg)

> Буга чейин Аламедин дарыясы үстүндө муниципалдык жерге тиешелүү уруксат документтерисиз курулган "Ориенталь" кафесинин кошумча имараты бузулган. Анын өлчөмү туурасы 9 метр, узундугу 27 метрди түзгөн.