> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарындагы "АрхиСтрой" компаниясына 200 миң сом айып пул салынды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/04/03/osh-shaaryndaghy-arkhistroi-kompaniiasyna-200-min-som-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-04-03T04:25:00.000Z
- Updated: 2026-04-03T04:24:59.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Курулуш министрлигине караштуу мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин Ош шаардык башкармалыгы шаар аймагындагы курулуш объектилерин текшерүү иштерин жүргүзүүдө.**

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ош шаары, Көкүм-Бий көчөсү 102г дарегинде 9 кабаттуу турак үй мыйзамсыз курулуп жатканы аныкталган. Ошондой эле курулуш компаниясы техникалык регламенттердин, курулуш нормаларынын жана эрежелеринин талаптарын сактабаганы белгиленген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында "АрхиСтрой" ЖЧКсы компаниясына карата административдик чаралар көрүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш иштери убактылуу токтотулду.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компания 2012-жылы каттоодон өткөн. Анын жетекчиси — Алтынбек Таалайбеков, ал эми негиздөөчүсү — Нуртилек Таалайбеков