> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/04/08/ala-too-riezort-aimaghyndaghy-2-zhana-4-zhyldyzduu-mieimankalar-tilkielieri-satyldy/
- Published: 2026-04-08T13:20:15.000Z
- Updated: 2026-04-08T13:20:14.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Экономика

**“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди.**

Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды.

> “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер тилкелери сатылды”, - деп айтты ал.

Жаркынбек Максүтов белгилегендей, аукцион 9-10-апрель күндөрү да уланат.