> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Парижде Эйфел мунарасынын фрагменти 176 миң долларга чейин бааланды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/04/10/parizhde-eifel-munarasynyn-fragmenti-176-min-dollarga-cheiin-baalandy/
- Published: 2026-04-10T06:43:43.000Z
- Updated: 2026-04-10T06:43:42.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Кызыктуу

**Эйфел мунарасынын оригиналдуу тепкичинин бир бөлүгү Парижде аукционго коюларын The New York Times маалымдайт.**

Бул фрагмент мунаранын экинчи деңгээлинен чокуга чыгууга мүмкүндүк берген винт сымал тепкичтин бир бөлүгү болгон. 1983-жылы бул конструкция демонтаждалып, 24 бөлүккө бөлүнгөн, алардын 20сы мурда аукциондордо сатылган деп жазат гезит.

> Бул бөлүк аукцион үйү тарабынан сатыкка коюлган акыркы фрагмент болуп саналат. 2016-жылы ушундай бөлүктөрдүн бири аукциондо рекорддук **611 миң долларга** сатылган.

> Artcurial бул жолу да рекорд жаңыланышы мүмкүн деп үмүттөнөт. Лоттун баштапкы баасы **146 миңден 176 миң долларга чейин** деп бааланууда.

Учурда бул фрагмент 1983-жылы аны сатып алган француз ишкерине таандык.

Эйфел мунарасы инженер Гюстав Эйфель тарабынан долбоорлонуп, 1889-жылы дүйнөлүк көргөзмө үчүн курулган.