> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сузакта 89 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/04/17/89-mln-somduk-myizam-buzuu-anyktaldy/
- Published: 2026-04-17T10:20:35.000Z
- Updated: 2026-04-17T10:20:34.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын борбордук аппараты Жалал-Абад облусундагы аймактык башкармалыгы менен биргеликте Сузак райондук мамлекеттик администрациясында пландуу текшерүү жүргүзгөн.**

> Мындан тышкары, Сузак айылынын тургундарынын арызынын негизинде кошумча текшерүү уюштурулуп, анын жыйынтыгында 5,05 га өзгөчө баалуу айыл чарба багытындагы жер тилкеси бузулгандыгы аныкталган.

Жер кыртышын бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмү болжолдуу 89 082 000 сомду түзгөн. Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча укуктук баа берүү үчүн материалдар Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) **жана*[YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*