> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын жаңы имараты курулуп баштады
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/04/17/at-bashy-raionduk-asker-komissariatynyn-zhany-imaraty-kurulup-bashtady/
- Published: 2026-04-17T11:15:21.000Z
- Updated: 2026-04-17T11:15:20.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Экономика

**Коргоо министрлигинин башчысы, коргоо министри Руслан Мукамбетов бүгүн Нарын облусундагы Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.**

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары Максат Кадыркулов, аскер комиссариатынын өздүк курамы, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана курулуш уюмунун өкүлдөрү катышты.

> Жаңы имарат эки кабаттуу болуп, бардык зарыл шарттар менен камсыздалат. Объектти 2026-жылдын IV кварталында пайдаланууга берүү пландалууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/4073111.7d77812a34bd341d752152b76179c81f.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/4073116.322ddd8e2a83b20f93e6569cd07de5a1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/4073121.1080d0aca515e1d116f39a639c5789f9.jpg)

Буга чейин Сокулук району жана Ак-Талаа районунда да аскер комиссариаттарынын имараттарын куруу иштери башталган.

Министрликтин маалыматына ылайык, Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын эски имараты 1972-жылы курулган.