> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан  турак жай көлөмү боюнча ЕАЭБде 3-орунду ээледи
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/04/20/kyrgyzstan-turak-zhai-kolomu-boiuncha-eaebde-3-orundu-eeledi/
- Published: 2026-04-20T13:50:45.000Z
- Updated: 2026-04-20T13:50:44.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Экономика

**2026-жылдын январь–февраль айларында ЕАЭБ өлкөлөрүндө жалпысынан 17 млн 548,4 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилген ЕЭКтин маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоодо айтылат.**

Жалпысынан ЕАЭБ боюнча турак жайды пайдаланууга берүү өткөн жылга салыштырмалуу 27,2%га кыскарган.

Ошол эле учурда айрым өлкөлөрдө өсүш байкалган:

- Арменияда — 137,6%га;
- Казакстанда — 9,1%га;
- Кыргызстанда — 8,2%га.

Ал эми төмөндөө төмөнкү өлкөлөрдө катталган:

- Беларуста — 34,3%га;
- Россияда — 30,9%га.

Көлөм боюнча көрсөткүчтөр:

- Армения — 109,7 миң чарчы метр;
- Казакстан — 2 млн 108,6 миң чарчы метр;
- Кыргызстан — 198 миң чарчы метр;
- Беларусь — 343,9 миң чарчы метр;
- Россия — 14 млн 788,2 миң чарчы метр.