> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги Ч.Айтматов үй-музейи  жаңыланат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/04/21/bishkektegi-ch-aitmatov-ui-muzeii-zhanylanat/
- Published: 2026-04-21T05:58:14.000Z
- Updated: 2026-04-21T05:58:13.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Кызыктуу

**Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейи жаңыланарын Ленин муниципалдык администрациясы билдирди.**

> Буга байланыштуу көчмө жыйын өтүп, анын жүрүшүндө үй-музейдин имаратын калыбына келтирүү, айланасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин күчөтүү, заманбап сугаруу системасын орнотуу жана тышкы жарыктандырууну жаңылоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле аймактагы инфраструктураны жакшыртуу жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча сунуштар айтылды.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга белгиленген мөөнөттөрдө аткарууга багытталган конкреттүү тапшырмалар берилди.