> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ноокен районунда аскер комиссариатынын имараты курула баштады
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/04/23/nooken-raionunda-asker-komissariatynyn-imaraty-kurula-bashtady/
- Published: 2026-04-23T04:01:36.000Z
- Updated: 2026-04-23T04:01:36.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Экономика

**Ноокен райондук аскер комиссариатынын жаңы имаратынын курулушу башталганын Коргоо министрлигинен билдиришти.**

Имараттын пайдубалына капсула салуу аземине коргоо министри Руслан Мукамбетов катышты. 

Анын айтымында, жаңы объект аскердик башкаруу органдарынын ишин жакшыртууга, жарандарды аскердик эсепке алуу жана мобилизациялык даярдыктын деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт. Ошондой эле министр өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоодо инфраструктуралык долбоорлордун мааниси зор экенин баса белгиледи.

Курулуш иштери 2026-жылдын IV кварталында аяктап, имарат заманбап талаптарга ылайык пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/678204450_1455.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/678067465_1455.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

Учурда Сокулук, Ак-Талаа жана Ат-Башы райондук аскер комиссариаттарында да ушундай эле курулуштар жүрүп жатат. Мындан тышкары, Кара-Суу биргелешкен шаардык аскер комиссариатынын жаңы имаратынын курулушуна да старт берилген.