> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Панфилов районунда райондук соттун жаңы имараты курулуп жатат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/04/24/panfilov-raionunda-raionduk-sottun-zhany-imaraty-kurulup-zhatat/
- Published: 2026-04-24T12:42:40.000Z
- Updated: 2026-04-24T12:42:39.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Экономика

**Панфилов районунда райондук соттун жаңы административдик имаратынын курулушу башталганын Жогорку соттон билдиришти.**

Салтанаттуу иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев катышып, имараттын пайдубалына келечек кутучасын салды.

> Маалыматка ылайык, курулуш иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Имараттын жалпы аянты 1621,8 чарчы метрди түзөт. Жер тилкеси Кайыңды шаарынын мэриясы тарабынан берилген.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/15_s1DEcMT.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90-1.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/18_ssH3OOW.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/21_DUHWcuQ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90-1.webp)

Имарат сот отурумдарынын ачыктыгын камсыз кылган алдыңкы технологиялар менен жабдылып, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.