> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто кабаттуу үйлөрдүн фасаддары жаңыланып жатат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/04/27/oshto-kabattuu-uilordun-fasaddary-zhanylanyp-zhatat/
- Published: 2026-04-27T02:57:28.000Z
- Updated: 2026-04-27T02:57:28.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Экономика

**Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддары жаңыланып жатканын мэриядан билдиришти.** 

Азыркы учурда Анар 15-В жана Анар 15-Б даректериндеги көп кабаттуу турак үйлөрдүн сырткы фасаддары сырдалып жатат.

Ошондой эле Манас-Ата аймактык башкармалыгындагы И. Раззаков көчөсүнүн №26 көп кабаттуу турак үйүнүн да фасадын сырдоо иштери жүрүп жатат.

Аталган иштер Ош шаарынын мэриясынын кош каржылоо долбоорунун алкагында муниципалдык турак жай коммуналдык ишканасы тарабынан аткарылып жатат.