> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акыркы беш жылда 1488 мүлк мамлекетке алынып, 221и сатылган
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/04/30/akyrky-besh-zhylda-1488-mulk-mamleketke-alynyp-221i-satylgan/
- Published: 2026-04-30T10:55:38.000Z
- Updated: 2026-04-30T10:55:37.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Экономика

**Кыргызстанда 2020-жылы келген бийликтин тушунда мурда-кийин мыйзамсыз менчиктештерилген делген 1488 мүлк кайра мамлекетке алынган. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Замирбек Кененбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.**

Ал бул объектилердин ичинен 221 объект сатылып, 1048и мамлекеттик мекемелерге берилсе, калган 219 мүлк Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында турганын билдирди.

Парламенттин депутаты Кубанычбек Самаков мамлекетке алынган мүлктөр кимге сатылганы же кайсы мамлекеттик органга берилгени тууралуу ачык маалымат жок экенин, айрымдары мамлекеттик кызматкерлердин үйүнөн чыккан фактылар бар экенин айтты.

---

Мурда-кийин мыйзамсыз менчиктештирилген делген мүлктөрдү мамлекетке алуу ишин негизинен УКМК жүргүзүп келет. Атайын кызмат Кыргызстанда акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 352 млрд сом (4,14 млрд доллар) кайтарылганын билдирген.