> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Менин үйүм” турак жай программасына өзгөртүү кирди
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/08/04/menin-uium-turak-zhai-programmasyna-ozgortuu-kirdi/
- Published: 2026-08-04T06:12:09.000Z
- Updated: 2026-08-04T06:12:09.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Кыймылсыз мүлк

**Президент Садыр Жапаров "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын өркүндөтүүгө багытталган жарлыкка кол койду.**

Өзгөртүүгө ылайык, эми аскер кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөп жаткан жерине карабастан мамлекеттик турак жай программасына катышууга укук алышты. 

> *Мунун негизинде алар өлкөнүн кайсы аймагында кызмат өтөп жатканына карабастан турак жай алуу үчүн арыз тапшыра алышат.*

Ошол эле учурда талапкерлер программада каралган бардык шарттарга жооп берүүгө жана арыз берүү тартибин толук сактоого милдеттүү.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*