> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош, Манас жана Баткен шаарларында студенттер үчүн жатакана курулат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/09/29/osh-manas-zhana-batken-shaarlarynda-studentter-uchun-zhatakana-kurulat/
- Published: 2026-09-29T03:56:45.000Z
- Updated: 2026-09-29T03:56:44.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк

**Кече Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ош, Манас жана Баткен шаарларында студенттер үчүн курула турган жаңы жатаканалар боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.**

Аталган министрликтин маалыматына караганда, жыйындын жүрүшүндө жатаканаларды куруунун долбоордук чечимдери, **курулуш иштеринин жүрүшү,** сапат талаптары жана белгиленген **мөөнөттөр талкууга алынды**.

Долбоорго ылайык, ****Ош шаарында** \- 9 кабаттуу 720 орундуу, ****Манас шаарында** \- 9 кабаттуу 740 орундуу, ал эми ****Баткен шаарында** эки блоктон турган 4 кабаттуу жатакана курулушу күтүлөт.

> Министр Нурдан Орунтаев объектилерди курулушун **тез арада баштап,** долбоордук чечимдерди так сактоо, имараттардын **коопсуздугун** жана **сейсмотуруктуулугун камсыз кылуу** негизги талап экенин белгиледи.

Ошондой эле объектилерди сапаттуу куруп, курулуш иштерин бекитилген мөөнөттө - **2027-жылдын 31-августуна чейин аяктоо** боюнча тиешелүү талаптар коюлду.

Жыйындын соңунда курулуш иштерин өз убагында уюштуруу, долбоордук талаптарды так сактоо жана объектилердин сапатын камсыз кылуу боюнча жооптуу тараптарга конкреттүү тапшырмалар берилди. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/825320335_18118193165068772_5205173733864965379_n-2-1.jpg)