> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Импорттолгон курулуш материалдарынын сапаты текшерилүүдө
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/09/30/importtolgon-kurulush-materialdarynyn-sapaty-teksheriluudo/
- Published: 2026-09-30T09:58:01.000Z
- Updated: 2026-09-30T09:58:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы тарабынан Өзбекстандан алынып келген портландцементке сертификаттоо иштерин жүргүзүлдү.**

Аталган министрликтин маалыматына ылайык, сертификаттоонун алкагында продукция текшерилип, андан ары лабораториялык сыноолорду жүргүзүү үчүн үлгүлөр алынды.

Милдеттүү сертификаттоодон өтүүгө тийиш болгон курулуш материалдарынын сапаты лабораториялык сыноолор аркылуу текшерилет. Сыноонун жыйынтыгында материал белгиленген талаптарга жооп берсе, ага шайкештик сертификаты берилет. Ал эми талаптарга жооп бербеген продукцияга сертификат берилбейт.

Мындай текшерүүлөр рынокко чыгарылып, курулуш иштеринде колдонулган курулуш материалдарынын сапатына көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.