> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/10/02/bishkekte-182-mln-somduk-bala-bakcha-munitsipaldyk-menchikke-kaitaryldy/
- Published: 2026-10-02T07:29:08.000Z
- Updated: 2026-10-02T07:29:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк

**Бишкектин Октябрь районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы Прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.**

Билдирүүгө караганда, Октябрь райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө Карасаев (Дружба) көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имараты жана жер тилкеси 1993-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган.

Прокуратура көргөн чаралардын жыйынтыгында социалдык объект толугу менен муниципалдык менчикке кайтарылып берилди. Анын баасы **182 млн 624 миң сом** деп бааланган.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**