> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/10/04/tunguchta-kurulush-obektisindegi-kemchilikter-kozomolgo-alyndy/
- Published: 2026-10-04T04:08:43.000Z
- Updated: 2026-10-04T04:08:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк

**Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан Туңгуч кичи районунун 36/1 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу курулуш объектиси көзөмөлгө алынып, азыр объектте мурда казылган котлованды жабуу жана аймакты талапка ылайык келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.**

Бул иштер жакын жайгашкан турак үйдүн пайдубалына зыян келтирүү коркунучун алдын алуу жана аныкталган мыйзам бузууларды жоюу максатында аткарылууда.

Буга чейин жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө жер казуу иштери бекитилген долбоордук чечимдерден четтөө менен жүргүзүлгөнү аныкталган. Натыйжада, жакын жайгашкан турак үйдүн пайдубалына зыян келтирүү коркунучу жаралган.

Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу жооптуу тарапка карата тиешелүү акт түзүлүп, **200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган.** Ошондой эле курулуш иштери объект белгиленген курулуш ченемдерине ылайык келтирилгенге чейин токтотулган.

Объекттеги иштердин аткарылышы жана аныкталган кемчиликтердин жоюлушу Департаменттин Бишкек шаардык башкармалыгынын көзөмөлүндө.