> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто IT-шаарчанын курулушу текшерилди
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/11/25/osh-siti-iri-dolboorunun-kurulushu-teksherildi/
- Published: 2026-11-25T04:05:54.000Z
- Updated: 2026-11-25T04:05:53.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Кыймылсыз мүлк

Ош шаарынын Осмонов көчөсүндө жайгашкан "Ош-Сити" ири долбоорунун (IT-шаарча) курулушу текшерилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдирди. 

> Белгилүү болгондой, долбоорго ылайык, комплекс **32 лоттон** туруп, ар бир лотто **10дон 12ге** чейин блок каралган. 

> Турак үйлөр **4төн 36 кабатка** чейин жетет. IT-шаарча заманбап, ыңгайлуу жана жогорку технологиялык турак жай, социалдык, коммерциялык жана IT-объекттердин комплекстүү курулушун камтыйт.

Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш-монтаждоо иштеринин бекитилген долбоордук документтерге жана курулуш ченемдерине шайкештиги, уруксат берүүчү документтердин болушу, ошондой эле аймакты көрктөндүрүү талаптарынын аткарылышы каралды.

Текшерүү иштерин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти дүргүздү. 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**