Кыргызстандык ишкерлер эми Wildberries платформасында товарларын сата алышат

КРнын электрондук соода Ассоцияциясы жана ири Wildberries онлайн соода аянтчасынын ортосунда кызматташуу Меморандумуна кол коюлду.

Бишкекте КРнын экономика жана финансы министрлигинин, электрондук соода Ассоцияциясынын өкүлдөрү жана Wildberries россиялык компаниясынын ишкерлери жолугушту. Бул жөнүндө Economist.kg сайтына катышуучулардын бири Чынгыз Усенов билдирди.

«Жолугушууда WB компаниясынын өкүлдөрү КР резиденттерине жөнөкөй катталууга мүмкүнчүлүк берүүгө даяр экендигин жана товарларды кабыл алуу азырынча Кыргызпочтасынын базасында болоорун билдиришти. Келекчекте товар кабыл алуучу жана жөнөтүүчү көп функционалдуу борборлорду реформалоону айтышты», – дейт ишкер.

Белгилеп кетүүчү жагдай, мурда аталган онлайн-аянчада товар сатуу үчүн кыргызстандык ишкерлер Россияда юридикалык жак ачууга муктаж эле.

«Кыргызстандык ишкерлердин эл аралык соода аянттарына чыгуусу – келечекте кызмат индустриясын жана электрондук соода тармагын тейлеген ишкерликти өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт», – деп белгиледи Усенов.

Бул жолугушуунун алкагында экономика жана финансы министринин орун басары Эльдар Алишеров электрондук соода тармагына тиешелүү, көбүнчө эки эселенген салык маселесине байланышкан мыйзам бөлүмдөрүн карап чыгуу пландары менен бөлүштү.

Маалымдама:

Wildberries – КМШдагы эң ири соода аянчасы болуп эсептелет. 2019-жылдагы 437.2 млрд рублды түзгөн көрсөткүчкө салыштырмалуу, 2020-жылы компаниянын кирешеси 96%га чейин өскөн.  

Wildberries соода аянчасынын колдонуучулары бир жыл ичинде 18 млн адамдан 40 млн.го чейин жеткен. Алар 2019-жылга салыштырмалуу эки эсе көп, тагыраак айтканда, сайттан 323.8 млн буюртма кылышкан. Бир жыл ичинде кардарлар 575.3 млн товар сатып алышкан, бул бир жыл мурдагыдан үч эсе көп дегенди билдирет.