Кыргызстандагы жаш балдардын эмгеги. Көп жылдан бери чечилбей келген көйгөй

Кыргызстанда 5-17 жаштагы балдардын 27%ы ар кандай себептерден улам иштөөгө мажбур болушат. Нарын облусунда иштеген балдардын саны региондогу жалпы балдардын 40%ын түзөт. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин 2018-жылдагы глобалдык КККИ (көп көрсөткүчтүү кластердик изилдөө) программасынын алкагында жүргүзүлгөн иликтөөсүндө келтирилген.

2021-жыл Балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн Эл аралык жылы деп жарыяланган. БУУнун Башкы Ассамблеясы бир добуштан 2021-жылды Балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн эл аралык жылы деп жарыялаган резолюцияны кабыл алган жана аны ишке ашырууда Эл аралык Эмгек Уюмун жетекчилик кылууга чакырган. 

«Акыркы жыйырма жыл ичинде балдардын эмгегине каршы күрөш масштабдуу деңгээлде жүрүп жатат. Ошого карабастан, дүйнө жүзү боюнча 152 млн бала дагы деле иштеп жатышат. Бул багыттагы аракеттерди мындан ары дагы күчөтүшүбүз керек экендиги талашсыз», – деди Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) негизги принциптер жана жумуштагы укуктар бөлүмүнүн башчысы Беате Андрес.

Economist.kg  редакциясы Кыргызстандагы балдар эмгегинин абалы жөнүндө ушул маалыматтардын негизинде сереп даярдады.

Балдар эмгеги кантип аныкталат?

Кыргызстандын Эмгек кодексине ылайык, жумушка орношуу үчүн балдардын эң төмөнкү жаш курагы 16 жашты түзөт жана өзгөчө учурларда гана 15 жаштан жогоркулар ишке орношо алышат.

Балдар эмгегинин аныктамасы

  • 5-11 жаш: үй чарбасында кеминде 1 саат, жумасына 28 саат акысыз үй кызматтарын аткаруусу же зыяндуу жумуштарда иштөөсү.
  • 12-14 жаш: 14 сааттан кем эмес үй тиричилигиндеги жумуштарды аткаруусу, жумасына 28 саат акысыз үй кызматтары же зыяндуу шарттарда эмгектенүүсү.
  • 15-17 жаш: кеминде 43 саат үй жумуштарын же акысыз үй кызматтарын бир жумада аткаруусу, зыяндуу шарттарда эмгектенүүсү.

Чарбанын ишмердигине үй-бүлөлүк чарбада мүчө болбогон жактын акы төлөнүүчү же акы төлөнбөгөн жумушу кирет. Үй жумуштарына болсо тамак жасоо, балдарды кароо же аларга кам көрүү, отун чогултуу же суу ташуу сыяктуу иштер кирет. 

Кыргызстандагы балдар эмгеги тууралуу жалпы фактылар

  • Кыргызстанда балдардын 26.7%ы эмгекке тартылган. Кыздарга караганда эркек балдардын жумушка тартылуусу жогору (33.6% /19%).
  • Айыл жеринде жашаган балдар шаардык аймактын балдарына караганда көбүрөөк экономикалык эмгекке тартылышат.
  • Кедей үй-бүлөнүн балдары колунда бар бүлөнүн балдарына караганда эмгекке дээрлик 5 эсе көп тартылат (32.1% / 6.1%).
  • 15-17 жаштагы зыяндуу шарттарда иштеген балдар башка курактык топторго караганда көбүрөөк.
  • Зыяндуу шартта иштеген балдардын үлүшү жакыр квинтилде (12%), ошондой эле айыл жеринде (15.2%) жогору. Көбүнчө эркек балдар зыяндуу жумушка тартылышат (16.1%).
  • Региондор боюнча балдар эмгегинин эң жогорку көрсөткүчү Нарын облусунда (40.5%), ал эми төмөнкү көрсөткүчтөрү Бишкек (7.3%) жана Ошто (6.1%).

5-17 жаштагы эмгекке тартылган балдардын пайыздык көрсөткүчтөрү.

Берилген маалыматтар берилген жаш курактарына же андан жогору көрсөтүлгөн иш-чараларга катышкан балдардын катышын чагылдырат.

Аталган көйгөй эң көп Нарын облусунда бар, ал эми Ош шаарында балдар эмгекке аз тартылышат.

Кантип күрөшсө болот?

 «ПЖС + аркылуу адам жана эмгек укуктарын илгерилетүү» долбоорунун координатору Чолпон Бабалиеванын айтымында, Кыргызстанда эң начар эмгекке тартылган балдар жөнүндө бирдиктүү маалымат база жок.

Ал белгилегендей, 2016-жылы Кыргызстан ПЖС + (Преференциялардын жалпы системасы) статусун алган, бул белгилүү бир милдеттенмелерди камтыйт. Өлкө 27 эл аралык конвенцияны сакташы керек, башкача айтканда, балдар эмгегинин жана аялдарга карата басмырлоонун эң начар түрлөрүн жок кылуу боюнча иш алып барышы керек.

Бирок, көйгөйдү чечүүдөн мурда, анын масштабын так аныкташ керек.

«Бүгүнкү күндө балдар эмгеги жөнүндө маалыматтар ар кандай. Улуттук Статистикалык Комитет башкача маалымат берсе, Эл аралык Эмгек Ассоциациясы башка статистикалык маалыматтарды көрсөтүүдө, алардын маалыматы боюнча, Кыргызстанда балдардын 39%ы иштешет», – деди Чолпон Бабалиева.

Маалыматтардагы мындай айырмачылык көйгөйдүн чыныгы көрүнүшүн бурмалайт. Балдар эмгегин аныктоонун жана балдар эмгегинин эң начар түрлөрүнүн алдын алуу боюнча учурдагы системасы натыйжасыз болууда. Ошол эле учурда, балдар эмгегинин эң начар түрлөрүн жок кылуу боюнча акыркы программанын мөөнөтү 2017-жылы аяктаганын, ал эми жаңысы дагы кабыл алына электигин эксперт маалымдап кетти.