18 жыл ичинде Кыргызстан чет өлкөдөн дээрлик 11.5 млрд долларлык донордук жардам алган. Каражат каякка жумшалды?
«Кыргыз Республикасына көрсөтүлгөн тышкы жардамдардын ачык-айкындуулугу» долбоорунун эксперттери тарабынан даярдалган серепке ылайык, 1992-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде КРга чет өлкөлөрдөн 11.48 млрд доллар суммасындагы каражат келген.
Тышкы жардам грант түрүндө (3.43 млрд доллар) жана насыя шартында (8.04 млрд доллар) берилген. Тышкы донорлор болуп – чет мамлекеттер жана эл аралык каржы институттары эсептелет.
Аталган мезгилдеги тышкы каржылык ресурстардын жылдык көлөмү орто эсеп менен ИДПнын 11%ын түзгөн.
Чет өлкөдөн келген тышкы жардамдардын басымдуу бөлүгү «Бюджетти колдоо», «Транспорт» жана «Энергетика» секторлоруна тартылган. Ушул үч тармакка тартылган акча – жалпы жардамдын 70.1%ын түзөт.
Бюджетти колдоого тартылган тышкы жардам гранттык ресурстардын салыштырмалуу жогорку үлүшүн (35.8%) түзсө, жол жана энергетика тармактарына гранттык каражаттар салыштырмалуу аз (тиешелүүлүгүнө жараша 15.1% жана 14.9%) бөлүнгөн.
Кыргызстанга көрсөтүлгөн бардык тышкы жардамдар жөнүндө толук маалыматты обзордун биринчи бөлүгүнөн таба аласыз. Бюджетти турукташтырууга берилген каражаттар тууралуу обзордун экинчи бөлүгүнөн окуй аласыз. Үчүнчү бөлүгүндө болсо жол-транспорт тармагына көрсөтүлгөн тышкы жардам тууралуу иликтенген. Жыйынтыктоочу бөлүктө өлкөнүн энергетика тармагына берилген донордук жардамдын акчалай көлөмү кеңири баяндалган.
Жол жана энергетика тармагына инвестицияланган чет өлкөлүк жардамдын олуттуу көлөмүн эске алганда, аларга багытталган каржылык жардамдардын натыйжалуулугу – КРнын жол-транспорт секторунун узак мөөнөттүү туруктуулугунан, ата мекендик энергетика секторунун кирешелүүлүгү менен төлөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча мындан аркы иш-чаралардан жана аракеттеринен көз каранды.