КРда орто жана чакан ишканалардын ИДПга салымы 40-49%ды түзөт – «Кепилдик Фонду»
Орто жана чакан ишканалардын ИДПга салымы 40-49%ды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда «Кепилдик Фонду» ААКнун башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров «Биринчи Радионун» түз эфиринде айтты.
Анын айтымында, КРда орто жана чакан ишканалардын ИДПга салымы 40-49%ды түзөт.
«Эгерде өнүккөн өлкөлөрдү алып көрсөк, алардыкы 60%дан жогору, кээ бир өлкөлөрдө 90%га чейин жетет», – деди ал.
«Кепилдик Фондунун» төрагасынын айтымында, ишкерлердин баалоого койгон күрөөсү керектүү суммага жетишпей калган учурларда фонд жардамга келет. Ишкерлердин талабы 30-40% банктын кредиттик портфелине жараша түзүлөт. Андан тышкары, ишкерлердин финансылык сабаттуулугу 24-24% болгондуктан, фонддун кызматкерлери аймактарга барып ишкерлерге жолугуп, аларды окутушат.
Малик Абакиров белгилегендей, учурда өкмөт ар кандай долбоорлор аркылуу жардам берип жатканына карабастан, бизнеске дагы деле каражаттык колдоо керек. Анткени Covid-19 пандемиясы алардын ишмердүүлүгүнө болуп көрбөгөндөй эле таасирин тийгизген.
Ал эми КРгы Америка соода палатасынын талдоосуна ылайык, пандемия учурунда ишканалардын ишкердүүлүгүнө үч негизги фактор таасир эткен.
- Ишканалардын 54%ы товарлардын жана кызматтардын төмөндөп кетүүсүнө дуушар болуп, натыйжада, бул ишканалардын кирешесинин төмөндөшүнө алып келген.
- Ишканалардын 45%ы мыйзамдык чектөөлөрдүн таасирине толук же олуттуу түрдө дуушар болушкан.
- Ишканалардын 37%ы кам азык жана чийки заттардын жетишсиздигине же ташылып келүүсүнүн үзгүлтүккө учурашына дуушар болушкан.
Ошондой эле ишкерлер жумушчулардын эмгек акысын төмөндөтүүгө, операцияларды кыскартууга, капиталды айлантууга алынчу кредиттерди токтотуп турууга жана жаңы экспорт мүмкүнчүлүктөрүн ачууга барышкан. Ишин толугу менен токтотууга сурамжыланган ишкерлердин 10%ы мажбур болгон.
Маалымдама. Пандемиянын кесепеттери тууралуу сурамжылоого Америка соода палатасынын элүүдөй ишкана мүчөлөрү катышкан. Жоопторду экономиканын түрдүү 15 тармагынан (аудит, консалтинг, юридикалык кызматтар, банк, курулуш ж.б.) чакан, орто жана ири ишканалар беришкен. Сурамжылоо (CIPE) Эл аралык жеке ишкерлер борборунун колдоосу менен жүргүзүлгөн.
Эгерде пандемиянын кесепети тууралуу айта турган болсок, ишканалар ал кесепеттерди азайтуу үчүн эң көп төмөндөгүдөй чаралар көрүшкөн:
- Ишканалардын 86%ы административдик чыгымдарды жана жумушчуларга кеткен чыгымдарды кыскартышкан.
- Ишканалардын 51%ы учурдагы жана стратегиялык инвестицияларды кийинкиге калтырышкан.
- Ишканалардын 41%ы жаңы бизнес багыттарды түзүшкөн.
Негизги акционери Дүйнөлүк банк болгон «Кепилдик Фонду» учурда 2 миңден чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнө 3 млрд сомдон жогору кепилдик берген. Ошондой эле «Кепилдик Фондго» Дүйнөлүк банк (ДБ) берген каражаттан 24 млн доллар бөлүнөт.
«Экономика министрлиги ДБ менен 24 млн долларлык долбоорго кол койду. Негизинен Дүйнөлүк банк КРга 100 млн доллар берип жатат, анын 24 млн доллары «Кепилдик Фондго» бөлүнөт. Анын алкагында ишкерлерге кепилдик портфелдери берилет. Мөөнөтү келгенде бул каражатты кайра министрликке кайтарып беребиз», – деди фонддун төрагасы.