КРда үстөмдүк позицияны ээлеген күйүүчү май ташыган 3 субъект бар, алар – «Газпром», «Ростнефть» жана «Ред Петролеум»

КРда үстөмдүк позицияны ээлеген күйүүчү май ташыган 3 субъект бар, алар – «Газпром», «Ростнефть» жана «Ред Петролеум». Мындай маалыматты Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков  кечээ, 23-ноябрда «Парламент» радиосуна курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, КРда 15тен ашык күйүүчү май ташып иштеген ири жеке субъектилер бар.

«Алардын үчөө сатуу рыногунда үстөмдүк позицияны ээлеген «Газпром», «Ростнефть» жана «Ред Петролеум» май куюуучу жайлары. Алар монополиялык шартты карманып турушат. Буларга карата атаандыштык багытындагы мыйзам чегинде иштер жүргүзүлөт», – деди ал.

Ошондой эле Тайлаков баалардын алдын ала аныкталып жатканы нефтетрейдерлер Ассоциациясы тарабынан коомчулукка жарыяланып кетиши ыктымалдуулугун айтат. Эскерте кетсек, аталган Ассоциация Жаңы Жылга чейин бензин 7-8 сомго, дизель майы 10-12 сомго чейин кымбаттайт деп айткан болчу.

«Бирок, баалардын кескин жогорулашына жол берилбейт. Этап-этап менен элге оорчулук келбегендей жагдайларын биздин кызмат тескеп, көзөмөлгө алып турат. Алдын ала эскертмелер берилип, мониторинг жүргүзүлөт», – деди Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору.

Агенттиктин маалыматы боюнча, бул күйүүчү майдын кымбатташынын негизги себеби Россиянын мунай иштетүүчү заводдорунда сатуу баасынын өсүп жатканы менен байланыштуу. Бул баалар жыл башынан бери бензин тобуна 130%га, дизелдик отунга 70%га өскөн.

Нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти Канат Эшатов Economist.kg басылмасына КНС менен акциз салыктарын алып салууну суранып жатышканын айткан болчу. «Биз өкмөткө КНС менен акциз салыктарын алып салууну сунуштаганбыз. Эгерде алар биздин сунушту кабыл алса, бааларды бираз төмөндөткөнгө мүмкүнчүлүк болот», – деген эле ал.

Бирок Экономика министрлиги КММга акциздик жана КНСтин ставкаларын нөлгө түшүрсө, мындай чечимдин тобокелдиктери катары КММны коңшу мамлекеттерге чыгарып кетүү жана рыноктогу дефицит, ошондой эле 2.3 млрд сомдон ашык каражаттын бюджетке түшпөй калуу коркунучу бар экенин айткан.