ИДП 11 айда 2.4%га жогорулады – бул тейлөө тармагынын эсебинен өстү
Ички дүң продукт (ИДП), алдын-ала баалоо боюнча, 2021-жылдын январь-ноябрында, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2.4%га жогорулоо менен 626 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.
«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 569 млрд сом өлчөмүндө түзүлдү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4.1%га жогорулаган.
ИДПнын өсүү темпинин жогорулашы негизинен, кызмат көрсөтүүчү тармактар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6.1га өскөн болсо, 2020-жылдын январь-ноябрь айларында 10%га төмөндөгөн.
Эскерте кетсек, буга чейин Евразия Өнүктүрүү Банкынын (ЕӨБ) макроэкономикалык божомолунда да тейлөө чөйрөсү КРнын экономикасын калыбына келтирүүнүн негизги драйвери болот деп айтылган эле.
Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (43.7%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, ал өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 1.1%дык пунктка азайды, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 1.6%дык пунктка кыскарды жана 42.6%ды түздү.
ИДПнын түзүмүндөгү өнөр жай тармагынын үлүшү 20.2%ды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1.7%дык пунктка төмөн, курулуштун үлүшү, тиешелүүлүгүнө жараша, 6.3%га төмөн болду, ал эми ушул эле учурда айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 16.1%ды түзүү менен 1.45дык пунктка көбөйдү.
10-декабрда «КРнын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү» парламенттик угууда Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев «КРнын орто мөөнөттүү мезгилде социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу жөнүндө» баяндамасында 2022-жылы экономикалык өсүштүн негизги драйвери өнөр-жай тармагы болот деген божомолун айтты.