Жаңы жылга белек – Жаңы Салык кодекси кабыл алынды
Кечээ, 22-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы Салык кодексин жана аны ишке ашыруу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты. Бул тууралуу парламенттин сайтында айтылат.
Жаңы Салык кодекси 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Салык төлөөчүлөргө 15 жумушчу күндүн ичинде салык режимин тандоого убакыт берилет. Арызын өз убагында тапшырбагандар электрондук эсеп-фактураларды колдонууну талап кылган жалпы салык режимине которулат.
Белгилей кетсек, Министрлер кабинети салык төлөөчүлөр менен эч кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн эмес, бизнес-коомчулугу бул кодекстин долбоорун тиешелүү комитетте кароо процессинде да, үчүнчү окууда да жаңы редакциясын көрүшкөн эмес.
Бул бизнес үчүн күтүлбөгөн нерсе болууда, анткени документте кокустан эле жаңы салыктар пайда болгон. Алардын бири сергитүүчү суусундуктарга киргизилген акциз салыгы. Белгилей кетсек, бул салык биринчи окууда жок болчу.
Мындаш тышкары, бул кодексте салык кызматына өзгөчө артыкчылыктар берилген. Жаңы Салык кодексине ылайык, Салык органдарына башка нерселер менен катар имараттарды жана автоунааларды тинтүүгө, телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жаздыруу, ошондой эле абоненттердин ортосундагы байланыштар жөнүндө маалыматтарды алууга уруксат берилет жана жыйналган салыктын 3%ы Салык кызматына калат, демек, канчалык көп салык чогултса, кызматкерлердин маянасы ошого жараша бекитилет.
Ошондой эле патент менен иштеген орто жана чакан бизнестин да «тагдыры» толук чечилген эмес. Мисалы, жаңы кодекске ылайык, милдеттүү патент жок. Эгерде ишкердин акча жүгүртүү көлөмү 8 млн сомго чейин болсо, ККМди колдонсо, сырттан экспорттук-импорттук аракеттерди жасабаса, бирдиктүү салык режимин тандаган учурда алар киреше, КНС салыктарынан бошотулуп, нөл пайыздык ставка менен иштейт. Ал эми анын колунда жумушчулары бар болсо, анда алардын айлыгынын эсебинен киреше салыгын жана социалдык чегерүүлөрдү кармап калышы керек деп айтылса, ыктыярдуу патент боюнча баары так эмес. Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиевдин билдиришинче, жаңы кодексте ыктыярдуу патент калган жана ал өкмөт тарабынан каралып чыккандан кийин кайсы тармактарга калтырылат, кийин чечилет.
Кечээ, 22-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Дастан Бекешев 146-беренеде банкта эсеп ачкысы келген жарандар салык каттоосунан өткөндөн кийин гана эсеп ачууга мүмкүндүк ала алышаары тууралуу айтса, Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев болсо бул банктардын талабы экенин айтты. «Сиз туура эмес айтып жатасыз. Салык төлөөчү катары, физикалык жактар да көрсөтүлүп турат. Сиз жок дегенде өзүңүз жазган Салык кодексин окуп койсоңуз болмок», – деди Бекешев.
Амангелдиев ишкерлер гана төлөшөөрүн айтса, Бекешев физикалык жактар да салык төлөөчүлөрдүн катарына кирээрин эскертти.
Ал эми ошол эле жыйында депутат Улукбек Садиков мыйзам долбоору дагы чийки экенин, шашылбай этап-этапка бөлүп өтсө болмок деген оюн айтты.
«Кыргызда бөрк ал десе, баш алгандар бар. Негизи этап-этапка бөлүп, жеңилирээк система менен өтсөңөр болмок. Бир жылда 80 млрд сомго бюджетти көтөрөбүз деп мактанып алдыңыздар. Элге эле кыйын болот. Бул мыйзамдын чийки жерлери бар, бүгүн эле өткөрө коюш туура эмес деп ойлойм», – деди Садиков.
Мындан тышкары, бизнес жеке нормаларды толук түшүнбөй, өз сунуштарын бере албагандыктан, келечекте кодекс боюнча толук иштей албайт деген кооптонуулар бар. Ал эми айтылган сунуштар негизинен четке кагылган болчу.