Улуттук банк эсептик ченди 8.5%га чейин жогорулатты
Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 31-январында эсептик ченди (негизги ченди) 50 базистик пунктка 8.5%га чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу жөнгө салуучунун маалымат кызматы билдирди.
Чечим бүгүн, 1-февралдан тартып күчүнө кирет.
Эскерте кетсек, УБ акыркы жолу эсептик ченди 8%га өткөн жылы ноябрь айында көтөргөн. Анда регулятор өлкөнүн экономикасы кармалып турган өсүш арымды көрсөтүүдө, ошондой эле экономиканын пандемияга чейинки калыбына келүү фазасы аягына чыга элек деп билдирген болчу.
Белгилей кетсек, Улуттук банк эсептик ченди көтөрүү менен сомдун наркын көтөрөт, жыйынтыгында, коммерциялык банктар да пайыздарын көтөрүүгө аргасыз болот. Жөнөкөй тил менен айтканда, сомдун баркы көтөрүлүп, элдерге акча кымбаттайт. Кошумча, бериле турган кредиттерге кошумча пайыздар кошулат.
Economist.kg Улуттук банктан эсептик чен кандай иштээрин жана ал кандай себептер менен көтөрүлүп жаткандыгына түшүндүрмө сураганда, жөнгө салуучу эсептик ченди көтөрүү инфляцияны басаңдатуу үчүн жасалып жаткандыгын билдирген.