КРнын калкынын саны 2030-жылы 7 млн чамасында болот – өсүү жайлайт

Worldpopulationreview.com порталынын маалыматына ылайык, учурда КРнын калкынын саны – 6.687.445 адамды түзөт жана бүгүнкү күндө жылына 1% темп менен туруктуу өсүүдө.

Өсүү темпи акыркы жылдарда көп деле өзгөргөн эмес, бирок порталда берилген маалыматка ылайык, жакынкы жылдарда ал бир аз басаңдашы күтүлөт. Кыргызстанда калктын санынын жылдык өсүү темпи 2020-жылы 1.45%га чыгып, туу чокуга жеткен болсо, берилген маалыматта бул акырындык менен төмөндөйт деген божомол айтылат.

2050-жылы калктын саны жылына болжол менен 0.6%га өсөт деп күтүлүүдө. Бул эсептөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстандын калкы 2030-жылы – 6 997 284, 2040-жылы – 7 596 178 жана 2050-жылга чейин – 8 112 653 адамды түзөт.

Эгемендүүлүктү алгандан 2019-жылга чейин жылдык өсүү темпи ырааттуу түрдө жылына 1%дан ашып отурган, бул дүйнөлүк өсүү тенденцияларына бир топ жакын. Бирок өлкөдө орточо эсеп менен кыргыз аялы 3 балалуу болоорун жана бул орточо көрсөткүчтөн жогору экендигин эске алганда, өсүү салыштырмалуу төмөн болуп эсептелет. Эмнеге дегенде, бул КРдан чет мамлекетке кеткен мигранттардын эсеби менен түшүндүрүлөт. Порталда Кыргызстандан бир саатта бир жаран өлкөдөн чыгып кеткени маалымдалат.

  • Кыргызстандын калкынын саны (10.02.2022) 6 687 445 адам
  • Күнүгө төрөлгөн ымыркайлардын саны 405
  • Күнүгө каза болгон жарандардын саны 107
  • Күнүгө миграцияга кеткен жарандардын саны 24.