Кыргызстандын учурда суюлтулган газга муктаждыгы айына 9 миң тоннадан ашат

Азыркы учурда республиканын суюлтулган газга муктаждыгы айына 9 миң тоннадан ашат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу органы билдирет.

Ал эми 2017-жылы суроо-талап айына 3 миң тоннаны түзчү. 2021-жылы суюлтулган газдын баасы өсүп, анын литри 10-13 сомду түзгөн. Баанын өсүшүнүн бирден-бир фактору тышкы фактор болгон, тагыраак айтканда, Казакстан менен Россияда дүң баа көтөрүлгөн. Бирок 2022-жылдын башынан бери анын литри 5 сомго чейин төмөндөгөнү байкалган.

  • Импорт. Улутстаткомдун маалыматы боюнча суюлтулган газ негизинен Казакстандан жана Россиядан импорттолчу. 2020-жылы импорттун көлөмү 44.7 миң тоннаны, 2021-жылы 113 миң тоннаны түзгөн.
  • Экспорт. Улутстаткомдун маалыматына таянсак, 2020-2021-жылдары газ экспорттолгон эмес.
  • Өндүрүш. Республикада газды өндүрүү жана сатуу менен мурда «ЧПК Джунда» ЖЧКсы алектенип келген. 2017-2019-жылдары ата мекендик мунайды кайра иштетүүчү завод жылына 50 миң тоннага жакын суяк газ өндүргөн.

Акыркы жылдары автоунааларды бензин жана дизелдик отундан автогазга өткөрүү активдешип, ага жараша, суроо-талап да өсүүдө.