Ишкерлерге 1 млн сомго чейин пайызсыз насыялар берилет – кайдан, кантип алса болот?

Ишкерлерге 18 айга коммерциялык банктар аркылуу 1 млн сомго чейин пайызсыз насыялар берилет. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 25-февралда, Финансы министрлигинде өткөн жыйында «КРнын жеке жана каржы секторуна өзгөчө кырдаалдарда колдоо көрсөтүү» долбоорунун алкагында, COVID-19 пандемиясынан келип чыккан кризисте микро-, чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүү маселеси талкууланды.

Талкуунун жыйынтыгында коммерциялык банктарга 18 айга 1 млн сомго чейин пайызсыз каржылоо боюнча калк арасында маалымат-түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүү жана алардын расмий сайттарына жайгаштыруу сунушталды.

Насыя кантип жана кандай берилет?

Каржылоо эки негизги категория боюнча берилет.

1-категория: Микроишкерлер.

  • КРнын салык мыйзамдарына ылайык, жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган жеке ишкерлер ала алышат
  • Насыянын максималдуу суммасы 250 000 сомду түзөт.

2-категория: Чакан жана орто бизнес.

  • Жеке ишкерлер.
  • Жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомдон ашпаган юридикалык жактар ала алышат
  • Насыянын максималдуу суммасы 1 млн сом.

Бардык суроолор боюнча, аталган насыяны алгысы келген ишкерлер төмөнкү даректерге кайрылса болот:

  • «Айыл Банк» – Логвиненко көчөсү 14, тел.: (312) 68-00-00, (556) 68-00-00, (707) 68-00-00
  • «Керемет Банк» – Тоголок Молдо көчөсү 40/4, тел.: +996 312 55 44 44, email: call-center@keremetbank.kg
  • «Банк Азии» – Ч. Айтматов пр. 303 СЭЗ «Бишкек», тел.: (312) 91-07-07, (777) 96-77-07, (559) 96-77-07, (706) 96-77-07, email: bankasia@bankasia.kg
  • «Коммерческий Банк Кыргызстан» – Тоголок-Молдо көчөсү 54а, тел.: (312) 61-33-33, (556) 61-33-33, (770) 33-33-69, (701) 33-33-69, email: otzyv@cbk.kg
  • «ФинансКредитБанк» – Абдрахманов көчөсү 105, тел.: (312) 30-30-14, 30-35-10, 30-34-87, 30-34-12, 44-34-43, email: fkb@fkb.kg
  • «Халык Банк Кыргызстан» – Фрунзе көчөсү 390, тел.: 996 312 988 330 +996 555 988 330 +996 770 988 330 +996 706 988 330, email: halyk@halykbank.kg
  • «Капитал Банк Центральной Азии» – Москва көчөсү 161, тел.: +996 (312) 31 30 30, email: office@capitalbank.kg
  • «Дос-Кредобанк» – Чүй пр., 92 ГУМ, 6 этаж, тел.: 8686, +996 (312) 98 69 89, email: office@doscredobank.kg.