Амангелдиев: Жаңы Салык кодекси менен эч ким жашай элек, бирок баары эле аны сындап жатышат

Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев жаңы Салык кодексине карата айтылып жаткан сындарга комментарий берип, анда бизнес жаатында жылыштар бар экенин айтты. Бул тууралуу ал  Economist.kg басылмасы уюштурган «Бизнес жаңы Салык кодексинин шарттарында: тирүү калуу!» деп аталган тегерек столдо билдирди.

Ошондой эле министр жаңы Салык кодексин иштеп чыгуу мурдагы редакцияларга салыштырмалуу ачык болгонун белгиледи.

«Бизнес дайыма эле төлөгүсү келбейт, бул кадыресе каалоо жана көрүнүш. Кандай гана Салык кодекси болбосун идеалдуу, бирок ушундай болушу керек деген пикирден алысмын. Салык менен иштегендер жаңы редакциянын жакшы жактары бар экенин көрүшөт», – деди ал.

Амангелдиев мыйзам алдындагы актылар 80%га аткарылып калганын жана ошондой эле коомдук тамактануу бизнесине салынчу салыктарга өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү жок эместигин да кошумчалады.

«Мамлекет өлкөнүн бакубаттуулугун көтөргөн ишкерлерине душман эмес. Мамлекеттин жарандарга жасаган иштерин жемелеп, кээ бирөөлөр «30 жылдан бери жалгыз өзүм жашап, баарына өзүм жеттим» деп айтышат. Эгерде мындай принцип болсо, анда башка өлкөдө жашаш керек», – деди министр.

Ошондой эле ал Жаңы Салык кодекси менен эч ким жашай электигин, бирок баары эле аны сындап жатышканын айтты.