Энергетикалык суусундуктарга акциз. Эмнеге ал алардын кымбатташына жана контрабанданын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн?

Салык кодексинин жаңы редакциясы коомчулукта көптөгөн талаш-тартыштарды жана суроолорду жаратты. ККМди ишке киргизүүгө абдан катуу каршылыктар болду. Бирок ККМдин айланасындагы ызы-чуудан Кодекстин дагы бир талаштуу пункту – энергетикалык суусундуктарга акциздик салыкты киргизүү байкалбай калды.

Эксперттер Кыргызстанда тоник (сергитүүчү) алкоголсуз суусундуктарга акциздик салыктын киргизилиши алардын баасынын кескин көтөрүлүшүнө гана алып келбестен, көмүскөдөгү импорттун өнүгүшүнө шарт түзөрүн айтышууда.

«Биздин коңшу өлкөлөрдө тоник суусундуктарына акциз салыгы жок. Ошого жараша, Өзбекстандан түштүккө, Казакстандан түндүккө ташылат. Албетте, Министрлер кабинети мыйзамсыз импорт менен күрөшөбүз деп жатат. Бирок, ушул убакка чейин биз товарларды мыйзамсыз ташып келүү менен күрөшүү боюнча реалдуу кадамдарды көргөн жокпуз.

Өкмөттүн бул багыттагы бардык аракеттери кырдаалды ого бетер начарлатууда. Абийирдүү ишкерден барган сайын көп документ талап кылынат, тоскоолдуктар көбөйөт, ал эми мыйзамсыз ташыгандар тынч гана ишин кыла беришет», – дейт КРдагы жеткирүүчүлөр Ассоциациясынын жетекчиси Гүлнара Ускенбаева.

Анын айтымында, салыктык кирешелердин түшүүсү күтүлүүдө, бирок күтүлгөн чоң көлөмдө эмес.

Салык кодексиндеги жаңы нормалар

Тоник суусундуктарына жаңы салык киргизүү маселеси былтыртан бери эле көтөрүлүп келет. Бирок финансылык-экономикалык эсептөөлөр жана рынокко акциздик салыктын таасиринин деңгээли изилдене элек.

Жаңы акциз салыгы Салык кодексине киргизилди. Бирок коомдук талкуу процесси эми башталат. Биз мындай суусундуктардын зыяны жана пайдасы тууралуу маселени эмес, азыр техникалык жагын гана карап жатабыз. Бүгүнкү күндө тоник ичимдиктери деп кандай суусундуктарды айтабыз, тактай турган түшүнүксүз жагдайлар бар. ЕАЭБдин мамлекеттер аралык стандарттары иштелип чыга элек. Мындан тышкары, учурда бул өлкөлөрдүн биринде дагы товарлардын бул түрүнө акциздик салык жок», – дейт Эл аралык ишкерлер кеңешинин укуктук камсыздоо секторунун башчысы Жанабиль Давлетбаев.

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы №94 токтомуна ылайык, жаңы акциздик салыктын ставкасы акырындык менен жогорулайт.

2022-жылдын 1-январынан 30-июнуна чейин ставка нөлгө барабар болот. Жылдын экинчи жарымынан тартып, бир литрге 10 сомдон төлөш керек болот. 2023-жылдын 1-январынан тарта тариф 20 сомго чейин көтөрүлөт. Ал эми 2024-жылы жана андан кийин литрине 30 сомдон акциз салыгы салынат.

Так талаптар жана стандарттар жок

Ушул убакка чейин тоник энергетикалык суусундуктарын аныктоодо түшүнүксүз жагдайлар бар.

«Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» КРнын Мыйзамы жана Бажы бирлигинин ТР TС 021.2011 «Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламентинде сергитүүчү таасири жетиштүү көлөмдө болгон суусундуктар айтылган.

Санын ким жана кантип аныктайт?

Ичимдик сергитүүчү болуп эсептелүү үчүн «кофеин эмес компоненттердин жетишерлик деңгээлде» болбогонун аныктоо үчүн эч кандай так талаптар жок.

Кошумчалай кетсек, ЕАЭБдин мамлекеттер аралык стандарттары иштелип чыга элек. Эскирген ГОС актуалдуулуктун талаптарына жооп бербейт.

Мисалы, республиканын МАМСы кофеиндин курамына гана талаптарды жөнгө салат: Кофеин, мг/см³ 0,151-0,400.

Ал эми РФ менен Кыргызстанда кабыл алынган МАМСында энергетикалык суусундуктардын физикалык жана химиялык көрсөткүчтөрүнө ар кандай талаптар коюлган:

Ошентип, акциздик салыкты киргизүүнүн алдында улуттук мыйзамдарды ЕАЭБдин талаптарына жана нормаларына шайкеш келтирүү жана тиешелүү мамлекеттер аралык стандарттарды бекитүү зарыл.

Той кимдин эсебинен өтөт?

Шашылыш кабыл алынган чечим көптөгөн компаниялардын пландарын бузуп салды, анткени көптөгөн ишкерлер акциздик салыкты эсепке албастан келишим түзүп алышкан.

«Биз бул партияны чоң көлөмдө алып келебиз, бирок андан ары эмне кыларыбызды билбейбиз. Балким, токтотобуз, анткени пайдасыз. Балким, бул товар контрабандалык жол менен ташылат. Алардын баасы төмөн болот, биз алар менен атаандаша албайбыз», – дейт ишкерлердин бири.

Ишкердин эсебинде, тариф 30 сомго жеткенде, салыктын башка түрлөрүн эсепке албаганда, 19 тонна ичимдик (бир жүк ташуучу унаадагы жүк) үчүн эле 7 миң доллардан акциз төлөшү керек болот.

Натыйжада, салык төлөө түйшүгү керектөөчүлөрдүн өздөрүнүн мойнуна жүктөлөт.

Коомдо, сыягы, тоник суусундуктардын зыяндуулугу жөнүндө стереотип дагы деле күчтүү. КРнын Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков алардын акциздик салыкты киргизүүнү колдошунун бирден-бир себеби – бул суусундук жаштардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи. Алардын оюнча, баанын көтөрүлүшү керектөөнү азайтат.

Эгерде ден соолук жагынан караганда чындап эле зыян. Бирок кофе, чай, туз, шекерди чексиз өлчөмдө колдонгондо зыяны кандай болсо, ал деле ошондой эле. Анын суткалык нормасы эки банкадан ашпаш керек.

Алкоголсуз тоник суусундуктарга болгон мамилеге карабастан, аларга суроо-талаптын бар экени анык. Адамдар ичет, бул ар бир адамдын тандоосу жана өзүнчө сүйлөшө турган башка тема.

Кеп башкада. Эл аз ичсин деп бааны жасалма түрдө көтөрүүгө аракет кылып, же иче берсе, бюджетке көбүрөөк пайда алып келет деп отуруп, бүгүнкү күндө казынага тынымсыз туруктуу түшүп жаткан салыктан кол жууп калбайбызбы?

Бул менен Jaguar алкоголдук ичимдиги менен болгон окуяны кайталап албайбызбы? Анда акциздик салыкты 70 сомдон 200 сом/л чейин көтөрүп алып, айына 70 000 миң банкадан сатылган продукция 7 000 банкага чейин кескин кыскарган. Бул акырында мамлекеттин казынасына салыктын түшпөй калышына алып келген.

Экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакировдун айтымында, «адатта салыктын ставкасы көтөрүлгөндө компаниялар көмүскөгө кетип, же ишин токтотуп коюшат».

«Импортерлорго келсек, алар да контрабанданы башташы мүмкүн. Же сырттан келгендер токтоп, алардын ордуна келгендер пайда болот», – дейт экс-министрдин орун басары.

Тоник ичимдиктерин ичкендер анын кымбаттагандыгынан баш тартышы күмөн. Ал эми суроо-талап болсо, бул талапты мыйзамсыз деле канааттандыра тургандар болот.

Ал эми жаңы Салык кодексинин концепциясы салык системасын жөнөкөйлөштүрүүгө, көмүскө экономиканы кыскартууга жана салык жүгүн жеңилдетүүгө тийиш экени эсибизде.