Киндигибизди кесип, дүйнөлүк рынокко чыгууга убакыт келди – Азис Абакиров

Күтүлбөгөн жерден Кыргызстанга Россиядан гана эмес, Белоруссиядан жана Украинадан да коноктор келе башташты. Бирок өлкөнүн экономикасы эмгек ресурстарын тартуу үчүн эмес, жөнөтүү үчүн иштелип чыккандай. Чет элдиктерди каттоого да алышпайт экен.

Бул тууралуу ЖИА бизнес-ассоциациясы уюштурган «Перезагрузка 2022» деп аталган антикризистик форумда Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү (ЖТП) Азис Абакиров билдирди.

«Биз дүйнө жүзүндөгү санариптик көчмөндөрдүн Кыргызстанга келип, кандайдыр бир убакыт бул жерде иштешин каалайбыз. Стратегиялык жактан баары туура, бирок бизде азыр тактикалык маселе бар – чет элдик коноктор каттоого тура алышпайт, иштөөгө уруксат, банктык эсептерди ала алышпайт экен. Булардын баары эми ачыкка чыкты. Калганы баары сонун: коомчулук да, эл да», – деди ал.

ЖТПнын негиздөөчүсү негизинен кыргызстандык программисттер кызматташкан батыш компаниялары кызматкерлерди акырындап алып кетип жатышканын, IT-мигранттар Кыргызстанга эркиндик, интернет жана меймандостук үчүн келип жатышканын айтты. «Албетте, алардын саны көп эмес. Атаандаштык күчөп баратат – бирок бул Арменияда да, Грузияда да бар», – дейт Абакиров.

«2019-жылы ЖТПнын акча жүгүртүүсү 900 млн сомду, 2020-жылы 1.2 млрд сомду, 2021-жылы 2.1 млрд сомду түзүп, пандемияга карабастан 25%га өстү. 2021-жылы 80 пайыздык өсүш болду – бул 1.5 миң кызматкери бар болгону 130 компания. Негизинен ​​анын дээрлик 40%ы АКШга экспорттолот.

Биздин киндигибиз дагы деле кесиле элек. Биз бир чоң базарды ойлоп, кичине чыдап койсок аман калабыз деп, кайра эле ошол базарлар үчүн иштешибиз керек деп ойлойбуз. Биз киндигибизди кесип, дүйнөлүк экспортту ойлоп, дүйнөлүк рынокко чыгышыбыз керек», – деди Абакиров.

Ал азыр цивилизациялык трансформация жүрүп жатканын, батыш менен чыгыш жок экенин, анын ордуна эркин жана эркин эмес дүйнө бар экенин, биз кайда бара жатканыбызды, Кыргызстан кайсы жерде болушу керектигин түшүнүшүбүз зарылдыгын кошумчалады.